М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

КРнын Улуттук банкынын башкармасы кабыл алган токтомго ылайык, мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн улуттук валютадагы ички акча которуулар үчүн алынуучу комиссиялар эми жокко чыгарылат. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев жеке баракчасында жарыялады.

Анын айтымында 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин банктар жана төлөм уюмдары мындай операциялар үчүн жеке жактардан комиссия ала алышпайт.

“Бул документте эсеп ачпастан жүргүзүлгөн эл аралык акча которуулар тууралуу пункт дагы бар. 2026-жыл бою банктар жана төлөм уюмдары Кыргызстандын аймагында мындай которууларды ар кандай валютада алган адамдардан комиссия ала алышпайт. Бул кадам керектөөчүлөрдү коргоого жана чет өлкөдөн акча алган жарандар үчүн чыгымдарды кыскартууга багытталган”-деп билдирген, Улуттук банктын төрагасы.

Ошондой эле М.Тургунбаев санарип каржы кызматтарынын ар бир адамга жеткиликтүү болушун, накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшүн мындан ары да күчөтүш үчүн кызуу иштерди уланта бере тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,