Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк секторунда насыялар жана аманаттар 35%га өстү

Кыргызстандын банк тармагынын кредиттик портфели 460 млрд сомго жетип, 35%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Карабаеванын айтымында, депозиттик портфель да 35%га өсүп, 804 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда аманаттардын жана насыялардын негизги бөлүгү улуттук валютага туура келет.

Карабаева акыркы жылдары банк секторунун долларлаштыруу деңгээли олуттуу түрдө төмөндөгөнүн белгиледи.

"Насыялардын чет элдик валютадагы үлүшү: 2022-жылы 22% болсо, азыр 18%ды түздү. Ал эми доллар менен сакталган аманаттардын үлүшү 2022-жылдагы 45%дан азыркы учурда 34%га чейин азайган", - деди ал.

Мындай динамика калктын жана бизнестин сомго болгон ишениминин, ошондой эле жалпы эле банк системасына болгон ишенимдин өсүп жатканынан кабар берерин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Аймактарда жол боюндагы тилкелерге мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймактарында жер кыртышынын эрозиясын азайтуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүү максатында жол боюнда мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында ар бир районде болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү дарактар тигилет. Учурда айрым облустарда

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Климаттык таасирлер 2050-жылга чейин Кыргызстан ИДПсын 4%га чейин азайтышы мүмкүн

Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны ылдамдатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык коркунучтардан коргоого шарт түзөрүн Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) айтылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2000-жылдагы 62,6%дык жакырчылык деңгээлин 2024-жылы 26%

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн

Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) 2040-жылга чейин айыл жергесинде жашаган кошумча 170 миңге жакын адам жакырчылык чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жыл сайын кирешелердин 5–10%жоготуусуна алып келиши мүмкүн. Инфраструктура — биринчи кезекте жолдор

Быйыл Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөгөндөргө 2 903 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Быйыл Бишкекте тыюу салынган заттарды өрттөгөндөргө 2 903 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан мончо, сауна ээлери менен санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүу уланууда. Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлагандай, 2025-жылдын 11 айында, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан 204 рейд өткөрүлдү. Анын жүрушундө адистер 650дөн ашык чарба субъектилери (өнөр-жай ишканалар, мончо, сауна жана жеке турак үйлөр) текшерилген. Билдирүүгө караганда