Улуттук банк 2 тонна алтын сатып алып, 15-орунга чыкты

Улуттук банк 2 тонна алтын сатып алып, 15-орунга чыкты

Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) маалыматтарында Кыргызстандын Улуттук банкы алтын запасын көбөйтүүнү улантып жатканы айтылат.

Эксперттердин айтымында, дүйнө боюнча борбордук банктар 2025-жылдын октябрь айында алтынды активдүү сатып алып, жалпы жонунан 53 тонна алтын кошушкан.

Польша Улуттук банкы да тыныгуудан кийин кайрадан рынокко кайтып, 16 тонна алтын сатып алды. Анын жалпы алтын резерви 531 тоннага жетип, эң ири сатып алуучу болуп калды.

Бразилиянын борбордук банкы да экинчи ай катары менен алтын сатып алып, дагы 16 тонна кошту.

Алтын сатып алган өлкөлөрдүн катарында Өзбекстандын Борбордук банкы (9 тонна), Индонезия банкы (4 тонна), Түркиянын Борбордук банкы (3 тонна), Чехия Улуттук банкы (2 тонна), ошондой эле Гана, Кытай, Казакстан жана Филиппиндин борбордук банктары бар — ар бири 1 тоннага жакын алтын сатып алышкан.
Кыргызстандын Улуттук банкы да алтын корун көбөйтүп, 2 тонна алтын сатып алды. КР дүйнө өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын арасында алтын сатып алуу көлөмү боюнча 15-орунда турат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га