ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге өстү

ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге өстү

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2025-жылдагы Улуттук банктын ишмердүүлүгү, жетишкен жаңычылыктар жана алдыга койгон пландар тууралуу бөлүштү.

КРУБ төрагасы 2025-жыл Кыргызстандагы жалпы каржы тутуму үчүн мазмундуу жана абдан маанилүү жыл болгондугун белгилеп, жарандын кызыкчылыгына түздөн-түз таасир эткен чечимдер чыгарылгандыгын билдирди.   

“2025-жылы ар башка банктардагы эсептер ортосундагы которуулар үчүн комиссияларды толук жоюу болду. ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге, ал эми төлөмдөрдүн көлөмү дээрлик 85 эсеге өстү. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле QR-коддор аркылуу 274,9 млрд сом өткөн — бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 эсеге көп” -деп белгиледи Тургунбаев.

Мындан сырткары, ал 2025-жыл санарип сомдун — улуттук валютанын үчүнчү формасынын мыйзамдык жактан бекитилген жылы болгондугун билдирди. Анын айтымында, анын ишке кириши тез жана коопсуз эсептешүүлөрдү камсыздап, аймактарда каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтет жана жаңы санарип кызматтар үчүн технологиялык негиз болуп берет. 

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Бүгүн КРнын ИИМ тарабынан майрамдык маанайдагы, адаттан тышкаркы көрүнүш сунушталып жатат. ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, тартип сакчылар Аяз ата жана Аяз кыз менен биргеликте унааларды текшерүү үчүн эмес, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап тототушууда. Токтогон айдоочуларга жагымдуу белектер берилип, каалоо-тилектер айтылууда. Мындай жакшы маанай Бишкек шаарынын борбордук аянтында

2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү

2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү

2025-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн. Республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу

Бишкек ЖЭБ күчөтүлгөн иштөө режимине өттү

Бишкек ЖЭБ күчөтүлгөн иштөө режимине өттү

Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жылытуу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн электр станциясынын авариялык бригадалары күнү-түнү даярдыкта турушат. Жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн негизги жана көмөкчү жабдууларды көзөмөлдөө күчөтүлдү, жооптуу

Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Кыргызстан ноябрь айында мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингдеги позициясын жакшыртканын Speedtest Global Index мониторингинин маалыматтарында айтылат. Ошол эле учурда, белгиленгендей, өлкө туруктуу кең тилкелүү интернет сегментинде бир аз артка жылган. 2025-жылдын күз айларынын акыркысы — ноябрдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы жагынан 72-орунду ээлеп, рейтингде дароо