Банк секторунун депозиттик базасы 2025-жылдын 11 айында 38,8 % өскөн
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 2025-жылдын башынан декабрь айына чейин 38,8 % өсүү менен 822,4 млрд сомду түзгөн.
Бул тууралуу КР Улуттук банкынын 2025-жылдын 30-ноябрына карата банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу маалыматында белгилеген. Билдирүүгө караганда, көрсөтүлгөн датага карата, КРда 21 коммерциялык банк жана алардын филиалдары иштеп турган. Коммерциялык банктардын депозиттик базасын кийинкилер түзгөн:
|
юридикалык жактардын депозиттери |
369,8 млрд сом |
|
жеке адамдардын депозиттери |
261,7 млрд сом |
|
бийлик органдарынын депозиттери |
87,3 млрд сом |
|
резидент
эместердин депозиттери |
94,0 млрд сом |
|
башка
финансы-кредит уюмдарынын депозиттери |
9,6 млрд сом |
КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы да ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирген.
Анын айтымында, Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү камсыздап келе жатат. Ага ылайык, 2025-жылдын он бир айында эле Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 1 783 037,0 миң сомго же 23,9% ɵскөн.