Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Функция аркылуу колдонуучулар:

  • ижара келишимдерин көрө алышат;
  • төлөм мөөнөттөрү тууралуу эскертмелерди алышат;
  • ижара акысын онлайн төлөп, операциялардын тарыхын көзөмөлдөй алышат.
Бардык кызматтар онлайн форматта, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт. Учурда ижарачылар жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуп башташып, анын ыкчамдыгын жана ыңгайлуулугун белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды санариптик кызматтарды активдүү колдонууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти