Эмне үчүн акча алмаштыруу бюролорунда акчаны нак эмес алмыштурууга болбойт?

Эмне үчүн акча алмаштыруу бюролорунда акчаны нак эмес алмыштурууга болбойт?

Бүгүн “Ишкер медиа” Бишкек шаарындагы бир нече алмаштыруу бюросуна кайрылып, нак эмес акчаны алмыштурууга аракет жасады. Тагыраагы, төлөм карт же QR код аркылуу АКШ долларын сатып алуу мүмкүн болгон жок. Бардык акча алмыштуруучулар нак акча менен гана иш алып баруу мүмкүндүгүн билдирип, чет өлкө валютасын нак эмес сатуудан баш тартышты.

Азыр замандын талабына ылайык, көпчүлүк жарандар капчыктарын үйдө калтырып телефон же карта менен эле төлөм жүргүзүп калган кез. Ушуга байланыштуу Улуттук банкка, эмне үчүн акча алмаштыруу бюролорунда нак эмес акча алмыштурууга болбойт? деген суроо менен кайрылып, жооп алдык.

Көрсө, Улуттук банк тарабынан акча алмаштыруу бюросуна берилүүчү лицензияда: акча алмаштыруу бюросу нак чет өлкө валютасы жана нак кыргыз сому менен иш алып барат деп так белгиленген экен. Ал эми нак эмес акча алмаштыруу коммерциялык банктар аркылуу гана ишке ашырылаары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата, Кыргыз Республикасы боюнча жалпысынан 830 акча алмыштыруучу жай Улуттук банктын лицензиясын алып, мыйзамдуу негизде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Америкалык соода палатасынын иши алкагында Кыргызстандан бизнес-делегация түзүлүп, АКШнын Вашингтон шаарында 3–6-май күндөрү өтө турган ири инвестициялык форум — SelectUSA Investment Summitга катышат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова 16-апрелде радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, форум АКШнын Соода министрлиги тарабынан уюштурулуп, АКШнын 50 штатынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,