Улуттук банкка төраганын жаңы орун басары дайындалды

Улуттук банкка төраганын жаңы орун басары дайындалды

Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Таиров Медет Маратович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.   

Буга чейин ал «Элдик банк» ААКнун башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Президентин дагы  бир кол койгон тескемесине ылайык, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Алиев Бектур Кубанычбекович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.   

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды