Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 300,8 млрд сомду түздү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү  акчанын жалпы көлөмү 300,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 300 млрд 778,3 млн сомду түздү. Анын ичинен 36 млрд 166,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 264 млрд 611,6 млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. Бул тууралуу Улттук банктан билдиришти.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51 млрд 822,1 млн сомго же 24,4%га өскөн.

2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республика боюнча 1 трлн 680 млрд 175,6 млн сом нак акча келип түшкөн. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 264 млрд 920,6 млн сомго же 18,7%га көп.

Ошол эле мезгилде коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 692 млрд 591,4 млн сом нак акча берилген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 271 млрд 568,5 млн сомго же 19,1%га жогорулаган.

2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын кайтарымдуулугу 99,3%ды түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,3%дык пунктка төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өткөн Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык жумушчу тобунун (ISAR) 43-сессиясына катышты. Аталган мекеменин маалыматына караганда, үч күнгө созулган жыйындын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукту өркүндөтүү, туруктуу өнүгүү боюнча маалыматтарды ачыкка

Ишкер Media
Кыргызстанда ишкерлерге салыктык жеңилдиктер сунушталууда

Кыргызстанда ишкерлерге салыктык жеңилдиктер сунушталууда

2026-жылдын 1-октябрында Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети демилгелеген салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүүнү жана айрым салыктардын ставкаларын төмөндөтүүнү карайт. Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Тигүүчүлөргө, текстиль өндүрүүчүлөргө жана электрондук соода менен алектенгендерге жеңилдик Долбоорго ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media