Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты
2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат.
Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга тартылган кредиттик каражаттардын көлөмү 6,6 млрд сомду түзүп, жалпы сумманын 51%н түзгөн. Кепилдиктердин саны боюнча алдыңкы беш облустун тизмеси:
- Баткен облусу — 187 кепилдик;
- Чүй облусу — 184 кепилдик;
- Нарын облусу — 168 кепилдик;
- Ош облусу — 165 кепилдик;
- Жалал-Абад облусу — 151 кепилдик берилген.
Кепилдик фонд ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана аймактардагы бизнести өнүктүрүү багытында ишин улантууда.