Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери
Кардар менен банк ортосунда пикир келишпестик жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылуу керектигин жана өз укуктарын кантип коргоону так биле беришпейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы арыз-даттанууларды кароо тартиби кандай иштей турганын жана кандай учурларда жөнгө салуучу орган банк менен кардардын ортосундагы талашка кийлигише аларын түшүндүрүп берди.
Биринчи кадам – түздөн-түз банкка кайрылуу
Биринчи кезекте кардар финансылык-кредиттик уюмга кайрылууга тийиш. Банктардын ишмердиги тууралуу мыйзамдарга ылайык, банктар жана банктык эмес финансылык уюмдар кардарлар менен өз ара мамилени жарандык мыйзамдардын жана “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын негизинде өз алдынча жөнгө салат.
Талаш маселелердин көпчүлүгү, анын ичинде келишим шарттарын өзгөртүү же кредиттин төлөө шарттарын кайра карап чыгуу тараптардын түз сүйлөшүүлөрү жана кошумча келишимдер аркылуу чечилиши керек.
Ар бир финансылык-кредиттик уюм керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо үчүн так жана расмий тартипти камсыз кылууга милдеттүү. Мындай талап Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында бекитилген жана финансылык кызматтарды пайдаланган кардарлардын укуктарын коргоо системасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
Даттануу берүү тартиби тууралуу маалымат банктардын кеңселериндеги маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат. Кардар кайрылуусун жеке өзү барып, телефон аркылуу, почта же электрондук почта аркылуу, ошондой эле даттануулар жана сунуштар китеби аркылуу бере алат.
Арыздын формасы так белгиленген эмес. Кайрылуу эркин формада жазылышы мүмкүн. Бирок анда арыз ээсинин аты-жөнү, жооп алуу үчүн дареги жана байланыш телефону, ошондой эле кайрылуу багытталган финансылык уюмдун аталышы жана жооптуу кызмат адамы көрсөтүлүшү зарыл.
Арыздын текстинде маселе кыска жана так баяндалып, арыз ээсинин пикири боюнча кайсы укуктар бузулгандыгы көрсөтүлүшү керек. Зарыл болгон учурда арызга кошумча документтер тиркелет. Мисалы, кредиттик келишимдин көчүрмөсү, төлөм квитанциялары же эсеп боюнча көчүрмө.
Улуттук банктын адистери кайрылууда эмоцияга караганда фактыларга көбүрөөк көңүл буруу принцибин карманууну сунушташат.
Финансылык-кредиттик уюмдар кардарлардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын 30 календардык күндөн кечиктирбестен карап чыгууга милдеттүү. Кароонун жыйынтыгында арыз ээсине жазуу түрүндө жооп берилет. Мындан тышкары, кардарлар банктын же анын филиалынын жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна кирүүгө укуктуу. Мындай кабыл алуулардын графиги адатта банктардын кеңселеринде жана расмий сайттарында жарыяланат.
Улуттук банк качан кийлигишет
Эгер талаш маселени финансылык-кредиттик уюм менен түздөн-түз чечүү мүмкүн болбосо, жаран Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылууга укуктуу.
Улуттук банк өлкөнүн банк системасына көзөмөл жүргүзөт жана банктардын, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын кардарларынан түшкөн кайрылууларды карайт. Улуттук банктын түзүмүндө финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү иштейт. Бул бөлүм жарандардын кайрылууларын кабыл алып, Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча түшүндүрмө жана кеңеш берет.
Иш жүзүндө жарандар көбүнчө Улуттук банкка насыянын шарттарын кайра карап чыгууга көмөк көрсөтүү, талаштуу жагдайларды түшүндүрүү же бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча кайрылышат.
Ошол эле учурда Улуттук банк мыйзам бузуулар аныкталбаган учурда банктардын күнүмдүк ишмердигине кийлигишпей турганын белгилейт. Мисалы, кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү маселеси банк менен кардардын ортосунда түз сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек.
Эгер насыя алуучу каржылык кыйынчылыкка туш болуп, кредитти өз убагында төлөй албай калса, ага алгач банкка кайрылып, төлөм графигин же кредиттин шарттарын кайра карап чыгуу өтүнүчүн билдирүүсунушталат. Бул учурда кардар кыйынчылыктын себептерин түшүндүрүп, келечекте карызды төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин тастыктаган документтерди банкка көрсөтүүсү керек.
Эгер кардар буга чейин финансылык-кредиттик уюмга кайрылып, бирок анын чечими менен макул болбосо, анда ал Улуттук банкка даттанууга укуктуу. Эгер текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталса, Улуттук банк ченемдик укуктук актыларга ылайык финансылык уюмдарга тиешелүү чараларды көрөт.
Алдамчылыктан коргонуу жана даттануу берүү тартиби
Ошол эле учурда Улуттук банктын ишинин маанилүү багыттарынын бири – финансылык алдамчылыктын алдын алуу болуп саналат. Акыркы жылдары алдамчылар өздөрүн банктын же Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, жарандарды кредит алууга жана акчаны башка эсептерге которууга көндүргөн учурлар көбөйүүдө.
Ишеним жаратуу үчүн алдамчылар мессенджерлер аркылуу жасалма күбөлүктөрдү жана документтерди да жөнөтүшү мүмкүн.
Улуттук банк жарандарга түздөн-түз банктык кызмат көрсөтпөйт жана жарандар менен эсеп-кысап операцияларын жүргүзбөйт. Ошондуктан Улуттук банктын атынан кредит алуу же акча которуу тууралуу сунуштар алдамчылык болуп саналат.
Кредит алдамчылык аркылуу же жарандардын жеке маалыматтарын колдонуу менен таризделген учурда да, насыя алуучу аны төлөө милдетинен бошотулбайт. Ошондуктан Улуттук банк жарандарды сак болууга жана жеке маалыматтарын, ошондой эле каржылык маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.
Улуттук банк жарандардын арыз-даттанууларын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга ылайык карайт.
Кайрылууда арыз ээсинин жеке маалыматтары, жооп алуу үчүн почта дареги, байланыш телефону көрсөтүлүп, маселе толук баяндалып, колу жана датасы коюлушу керек. Байланыш маалыматтары көрсөтүлбөгөн анонимдүү арыздар каралбайт.
Кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Эгер кошумча текшерүү же экспертиза талап кылынса, кароонун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган убакытка чейин узартылышы мүмкүн.
Даттанууну Улуттук банктын коомдук кабылдамасына жеке барып, Бишкек шаары, К. Акиев көчөсү 89 дареги боюнча тапшырууга болот. Ошондой эле кайрылууну mail@nbkr.kg электрондук дареги аркылуу жөнөтүүгө мүмкүн.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн телефондору:
- +996 (312) 66-90-15
- +996 (555) 85-57-48
- +996 (770) 73-73-49
Кайрылуу тартибин жана көзөмөл механизмдеринин иштешин түшүнүү жарандарга финансылык уюмдар менен болгон пикир келишпестиктерде өз укуктарын натыйжалуу коргоого жана маселени мыйзам чегинде чечүүгө жардам берет.