Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.  

Ага ылайык, 30-марттан 3-апрелге чейинки Акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, финансылык компаниялар жана билим берүү мекемелери менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт. Окуучулар жана студенттер үчүн ачык сабактар жана окутуу семинарлары/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар уюштурулат. Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет.

Дүйнөлүк акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын расмий сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгашкан.   

💡
Дүйнөлүк акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – келечекте финансылык жыргалчылыгын жана туруктуулугун жакшыртууга өбөлгө түзүүчү алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуусу үчүн балдарга жана жаштарга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү максатында, сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media