Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы өз ишин аяктады
2026-жылдын 1-апрелинде КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, тараптар акча-кредит саясаты, финансы секторунун туруктуулугу жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар сыяктуу негизги маселелерди талкуулашты.

Жолугушууга ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунда Кыргызстандын кызыкчылыгында иш алып барган өкүл - ЭВФтин аткаруучу директору Патрик Лошевски да катышты. Анын катышуусу диалогдун маанилүүлүгүн айгинелеп, өлкөбүздүн эл аралык деңгээлде кесиптик өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирет деп белгиленген маалыматта.
Миссиянын иши ишенимди бекемдөөдө жана биргелешкен экономикалык максаттарды илгерилетүүдө маанилүү кадам болду.