Улуттук банк алмашуу бюролору үчүн мыйзам талаптары боюнча семинар өткөрдү
КРнын Улуттук банкы алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн атайын окутуучу семинар уюштурду. Маалыматка ылайык, иш-чара кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү багытындагы мыйзам талаптарын түшүндүрүүгө арналган.
Семинарга 70ке жакын алмашуу бюролорунун кызматкерлери жана Альянс алмашуу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Анын жүрүшүндө катышуучуларга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизги талаптары, ошондой эле тиешелүү мыйзамдарды сактоо боюнча милдеттер кеңири түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланышкан тобокелдиктерди азайтуу боюнча практикалык ишчаралар талкууланды.
Улуттук банк мындай окутуулар финансылык сектордо ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана мыйзам бузуу коркунучтарын алдын алууга багытталганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы учурда Улуттук банктын лицензиясын алып, ишмердүулүк жүргузуп жаткан 857 алмаштыруу боюросу бар.