BAKAIдын кызматкери рекорд койду – Дээрлик 190 тонна күч жана кайрат – банктын сыймыгы

BAKAIдын кызматкери рекорд койду – Дээрлик 190 тонна күч жана кайрат – банктын сыймыгы

Кыргызстанда күч экстрими боюнча жаңы рекорд катталды: BAKAIдын кызматкери Алексей Тепляшин жалпы салмагы 189 тонна 600 килограмм болгон сегиз темир жол вагонун ордунан жылдырды. 

Бул жетишкендик "Бишкек-1" станциясында катталып, темир жол платформасын тартуу боюнча Кыргыз Республикасындагы бешинчи рекорд болуп калды. Алексей вагондорду 6,5 метр аралыкка жылдырууга жетишти. Мындай натыйжа күчтөн тышкары туура ыкманы, жогорку топтолууну жана көп жылдык даярдыкты талап кылат.

Алексей күч экстрими менен беш жылдан ашык убакыттан бери машыгып келет. Бул аралыкта жүктү акырындык менен көбөйтүп, 4 вагондон 8 вагонго чейин жеткирген. Ошондой эле башка багыттарда да күчүн көрсөтүп, автобустарды, аскердик техникаларды жана жүк ташуучу унааларды тартып келген. 

Жаңы жыйынтык 2022-2026-жылдардагы ийгиликтеринин логикалык уландысы болду. Жакынкы убакта спортчу көрсөткүчтү дагы жогорулатып, 9 вагонго жеткирүүнү максат кылууда.

Алексей Тепляшин - спортчу гана эмес, бекем позициясы бар инсан. Ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери жана патриоттук уюмдардын активдүү катышуучусу. Ал сергек жашоо образын карманып, зыяндуу адаттардан алыс жана жаштар арасында дене тарбияны жана спортту жайылтууга салым кошуп келет. 

Учурда ал Кыргыз Республикасынын күч экстрими боюнча коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп иштеп, бул багытты өнүктүрүүнү, турнирлерди уюштурууну жана жаңы катышуучуларды тартууну пландап жатат.

BAKAI үчүн бул рекорд - өзгөчө сыймык.

BAKAIда ишеним бар: күчтүү бренддин артында күчтүү адамдар турат. Алексей Тепляшин - компаниянын кызматкерлери кандай жогорку натыйжаларга жетише аларын көрсөткөн жаркын мисал.

Анын ийгилиги - жеке жетишкендик гана эмес, BAKAI командасы карманган баалуулуктардын чагылдырылышы: алдыга умтулуу, максатка жетүү жана ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүгө даяр болуу. 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media