“Кудай үчүн которуп койчу”: кокустан картаңызга түшкөн акча сизди түрмөгө чейин алып барат

“Кудай үчүн которуп койчу”: кокустан картаңызга түшкөн акча сизди түрмөгө чейин алып барат

Эгерде сиздин банктык картаңызга күтүүсүздөн акча түшүп, аны башка эсепке которуп берүүнү “Кудай үчүн” суранып жатышса - шашылбаңыз. Адистер муну азыр алдамчылар арасында кеңири колдонулуп жаткан акчаны адалдоонун схемасы экенин эскертишүүдө.

Мыйзамсыз жол менен кымырып алган акчаны шылуундар азыр адалоо үчүн жөнөкөй адамдардын ичинен “курмандыктарды” издеши мүмкүн. Мындай учурда жаран өзү билбей, ишенчектигинен улам кылмышка аралашып кетет. Адатта алдамчылар өз маалыматтарын жашыруу үчүн “дроппер” деп аталган ортомчуларды колдонушат. Картага түшкөн акчаны кабыл алып, андан ары башка эсептерге которууну кылмышкер дропперден суранат. Балким бул кызматы үчүн сый акы берүү менен да, кызыктырышы мүмкүн. Оюнда кири жок адам, кичи пейилдиктин натыйжасында, уурдалган акчаны адалдаштырууга кандайча катышып кеткенин билбей да калат.

Дроппер аркылуу акчаны адалдоонун ыкмасы

Көп учурда шылуундар тааныштардын аккаунттарын бузуп кирип, алардын атынан тааныштарына “карта бөгөттөлүп калды, жардам бер” деп жазат же интернет аркылуу жеңил акча табуунун жолун сунуштайт. Анын өтүнүчүн аткаруунун жыйынтыгында, ишенчээк жаран кылмыштуу чынжырчанын мүчөсүнө айланат. Анткени ар бир акча которуунун санариптик изи калтырылат да, укук коргоо органдары үчүн негизги шектүү болуп картанын ээси саналат.

Дроппер болуунун кесепеттери

Териштирүүнүн жүрүшүндө “мен билген эмесмин” же “жөн эле жардам берейин дегем” деген жүйөлөр жоопкерчиликтен жаранды куткарбайт. Оңой табылган бир аз сом үчүн адамдын жашоосуна доо кетет. Мындай аракеттердин кесепетинен: банк эсептер бөгөттөлүп, “кара тизмеге” киргизилет. Эң башкысы, мыйзам боюнча уурдалган каражаттын баары дроппердин мойнуна салынып, кайтарып берүү милдети да жүктөлөт. Ал тургай жагдайдын татаалдыгына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, эркинен ажыратуу жазасы да каралышы күтүлөт.

 Картага бөтөн акча түшсө эмне кылуу керек?

Эгер картаңызга “адашып” бирөө акча жиберип, жалдырап башка номерге которуп берүүнү суранып жатса, токтоңуз - эч нерсе жөнөтпөңүз. Дароо өзүңүздүн банкыңызга кайрылып, расмий түрдө жөнөтүүчүгө акчаны кайтарууну өтүнүңүз. Ошондо гана сиз өзүңүздү мүмкүн болгон жоопкерчиликтен куткара аласыз.

 КРнын Улуттук банкы - жарандарды сак болууга, шектүү чалууларга ишенбөөгө жана жеке маалыматты коргоого алып, кийинки эрежелерди сактай жүрүүгө чакырууда.

- жеке маалыматтарды бербеңиз;

- күмөн болсо, текшерүүчү суроолорду бериңиз;

- күмөндүү шилтемелерди ачпаңыз;

- акча которбоңуз;

- банк менен байланышыңыз;

- маалымат булактарын текшериңиз.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media