2-июлга карата расмий валюта курсу белгилүү болду
Улуттук банк 2-июлга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жаңылады. Ага ылайык, доллар 87,45 сом, евро 99,66 сом деп белгиленди.
Маалыматка ылайык, рубль- 1,11 сом, теңге - 0,18 сом, ал эми юань - 12,87 сом.
Ошол эле учурда коммерциялык банктарда доллар орточо эсеп менен 87,41 сомдон сатып алынып, 87,81 сомдон сатылууда. Ал эми рубль 1,07 сомдон сатып алынып, 1,14 сомдон сатылып жатат.
Улуттук банк валюталардын расмий курсун күн сайын жарыялап турат. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик эсептешүүлөрдө жана каржылык операцияларда негизги таянычы катары колдонулат.