Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

Улуттук банк акчаны адалдоого каршы талаптарды күчөтүүнү сунуштоодо

КРнын Улуттук банкы акчаны адалдоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды жаңылоону сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор КРнын мыйзамдарын ФАТФтын эл аралык стандарттарына жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун сунуштарына, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Улуттук банктын адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча токтомуна шайкеш келтирүүгө багытталган.

Документте негизги өзгөрүүлөр катары төмөнкүлөр каралган:

  • милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялардын тизмесин кеңейтүү;
  • кардарларды жана алардын бенефициардык ээлерин текшерүү талаптарын күчөтүү;
  • жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөргө карата кошумча чараларды киргизүү;
  • тоңдурулган каражаттар боюнча аларды тоңдуруу жана аларга жеткиликтүүлүктү жөнгө салган механизмдерди өркүндөтүү;
  • виртуалдык активдер менен операцияларга кошумча көзөмөл киргизүү;
  • финансылык чалгындоо жана эл аралык кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү.
Долбоорго ылайык, финансы-кредиттик уюмдар кардарлардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтарды жаңыртууда мамлекеттик маалымат системаларын жана маалымат базаларын кайра текшерүүгө тийиш болот.

Эгер кардар тарабынан берилген маалыматтар менен көрсөтүлгөн системалардагы маалыматтардын ортосунда айырмачылыктар табылган болсо, алар белгиленген тартипте Финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматты жиберүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, жаңы талаптар Улуттук банктын көзөмөлүндөгү адистештирилген финансылык уюмдарга да жайылтылат.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий сайтында жана koomtalkuu.gov.kg порталында 27-августка чейин коомдук талкууда болот.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media