Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда
Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат.
Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук 27 мегаваттка көбөйгөн.
Бардык иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт. Анда станциянын кубаттуулугу 198 мегаваттан 216 мегаватка чейин, башкача айтканда 18 мегаватка жогорулайт.
Белгилей кетсек, Нарын дарыясында жайгашкан Үч-Коргон ГЭСи 1961-1962-жылдары ишке берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станциядагы бул реконструкция - биринчи ири модернизация болуп саналат.