Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө өткөрүлүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө эттин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилүүдө. Ошондой эле сатуучуларга жана ишкерлерге эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги жана белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүлүүдө.

Мисалы, Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, 4 кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Ленин районунда рейддик иш-чаралар «Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында өткөрүлдү. Ал эми Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Мониторингдин алкагында соода субъекттерине ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана соода жүргүзүүгө тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар айтылды: уй эти — 1 килограммына 770 сом, кой эти — 880 сом.

Бааларга жүргүзүлүп жаткан мониторингдин негизги максаты — базардагы туруктуулукту камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media