Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясынын негизинде, акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 891 алмашуу бюросу бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.