Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү эки эседен ашык өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгында 14 млрд доллардан ашканын билдирди.

“Биз айрым инвестициялык долбоорлордон биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө өтүүгө кызыкдарбыз. Мындай аянтчалардын бири катары ишкердик жана инвестициялык ишмердүүлүк үчүн өзгөчө укуктук режимге ээ “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын (АФИА) карап жатабыз. Өнөктөш мамлекеттерди бул аймактагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз”, - деди Мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал Азия менен Европаны байланыштырган санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнү сунуштады. Кыргызстанда кайра жаралуучу гидроэнергетикалык ресурстар жана жагымдуу климаттык шарттар бар экенин белгилеп, технологиялык компанияларды маалыматтарды иштетүү борборлорун түзүүгө чакырды.

Мындан тышкары, президент транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Камбоджа менен инвестициялык кызматташтык талкууланды

Саммиттин алкагында Садыр Жапаров Камбоджанын премьер-министри Хун Манет менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, каржы-банк тармагындагы кызматташтык жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Президент Камбоджанын ишкерлерин "Тамчы" АФИАдагы долбоорлорго катышууга чакырды. Ал эми Хун Манет өз кезегинде Кыргызстан менен соода, инвестиция жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media