Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү
2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган.
Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект, суу коргоо тилкелеринде 56 курулуш, Түндүк айланма жолун реконструкциялоо аймагында 44 объект демонтаждалган.
9 айда 76 млн 144 миң сомго 2 101 протокол түзүлүп, ижара акысы катары 85 млн 619 миң сом өндүрүлгөн. Башкармалык сотко 50 доо арыз берип, 466 сот отурумуна катышкан.
"Менин шаарым" тиркемеси аркылуу тургундардан 1 032 кайрылуу түшкөн.
Шаарда муниципалдык жерлерди бошотуу иштери улантылууда.