Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө
14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган.
Кыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатындагы негизги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган — Экономика жана коммерция министрлиги.