Улуттук банк ислам каржылоосунун эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады
Улуттук банк ислам каржылоосу боюнча иштеген банктарга жана микрофинансылык уюмдарга коюлган талаптарды өзгөртүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору банктардын “ислам терезелеринин” ишин өркүндөтүүгө жана мурабаха бүтүмдөрүн жөнгө салуучу эрежелерди мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
Документ 2026-жылдын 8-июнунда кабыл алынган №85 мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Анын алкагында Улуттук банктын 10 ченемдик укуктук актысына өзгөртүү киргизүү каралууда.
Мурабаха аркылуу каржылоодо эмне өзгөрөт?
Долбоордо мурабаха келишимдери боюнча товар сатып алуунун жана кардарга өткөрүп берүүнүн тартибин тактоо сунушталууда.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, кардар айрым учурларда банктын же микрофинансылык уюмдун агенти катары товар сатып ала алат. Мындай мүмкүнчүлүк жеке жактардан айыл чарба продукциясын сатып алууда да каралган.
Ошондой эле товар кардардын менчигине өткөнгө чейин аны ташуу же сактоо учурунда бузулуу, жок болуу же жоголуу тобокелдиги банкка же тиешелүү финансы-кредит уюмуна жүктөлөт. Бул тобокелдиктерди кардардын күрөөсүнүн эсебинен жабууга жол берилбейт.
“Ислам терезелерине” көзөмөл күчөтүлөт
Долбоордо банктардын “ислам терезелеринин” ишине карата ички көзөмөлдү жана тобокелдиктерди башкарууну өркүндөтүү да сунушталган. Тагыраагы, ислам каржылоосу боюнча операцияларды, депозиттерди, кирешелерди жана чыгашаларды банктын негизги ишинен өзүнчө эсепке алуу талаптары такталат.
Мындан тышкары, Шариат кеңешинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу, кызматкерлердин квалификациясына жана каржылоо чечимдеринин ачык-айкындуулугуна көңүл буруу каралган.
Документ кече коомдук талкууга коюлган жана ал боюнча 3-ноябрга чейин сунуш-пикирлер кабыл алынып, токтомдун долбоору 2026-жылдын 13-декабрынан тартып күчүнө кириши каралууда.