Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясы 12-18-октябрда Бангкок шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жыйындын алкагында Улуттук банк МВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти уюштурган иш-чараларга жана швейцариялык топтун отурумуна катышты. Анда дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү, глобалдык финансылык туруктуулук жана мүчө-мамлекеттердин экономикалык саясаты талкууланды.

Улуттук банк спикер катары чыгып, тышкы туруксуздук шартында Кыргызстандын экономикасы туш болгон чакырыктар жана баалар менен финансылык туруктуулукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле МВФтин департаменттеринин жетекчилери, чет элдик борбордук жана коммерциялык банктар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1992-жылдан бери МВФтин мүчөсү.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media
15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Молдовадан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, А.Р. аттуу жаран Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган. Учурда ал тергөө абагына киргизилди. Тергөө версиясына ылайык, шектүү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү

Ишкер Media
Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Курулуш министрлиги бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайга кайрадан текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган объектте буга чейин курулуш ченемдери, техникалык коопсуздук эрежелери жана курулуш аянтын көрктөндүрүү талаптары сакталбагандыгы үчүн подряддык уюмга айып пул салынып, тиешелүү эскертүү берилген. Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптар

Ишкер Media
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 20-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар саясий диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык

Ишкер Media