Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 20-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Алар саясий диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин карап чыгып, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-швейцариялык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Молдовадан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, А.Р. аттуу жаран Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган. Учурда ал тергөө абагына киргизилди. Тергөө версиясына ылайык, шектүү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү

Ишкер Media
Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Курулуш министрлиги бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайга кайрадан текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган объектте буга чейин курулуш ченемдери, техникалык коопсуздук эрежелери жана курулуш аянтын көрктөндүрүү талаптары сакталбагандыгы үчүн подряддык уюмга айып пул салынып, тиешелүү эскертүү берилген. Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптар

Ишкер Media
Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясы 12-18-октябрда Бангкок шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйындын алкагында Улуттук банк МВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти уюштурган иш-чараларга жана швейцариялык топтун отурумуна катышты. Анда дүйнөлүк

Ишкер Media
Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышты

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты. Жыйын Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында тар жана кеңири курамда өттү. Анын жүрүшүндө, Данияр Амангелдиев Бишкек саммитинде 28 документ бекитилип, ШКУнун институционалдык реформасы жана укуктук негизи чыңдалганын маалымдады. Ал соода-

Ишкер Media