Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Ошто курулуш компаниясына кайрадан айып пул салынды

Курулуш министрлиги бүгүн, 20-октябрда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайга кайрадан текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган объектте буга чейин курулуш ченемдери, техникалык коопсуздук эрежелери жана курулуш аянтын көрктөндүрүү талаптары сакталбагандыгы үчүн подряддык уюмга айып пул салынып, тиешелүү эскертүү берилген.

Кайра текшерүүнүн жүрүшүндө коюлган талаптар аткарылбай, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада, “Ясин Курулуш” ЖЧКсына карата кайрадан 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media
15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Молдовадан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, А.Р. аттуу жаран Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган. Учурда ал тергөө абагына киргизилди. Тергөө версиясына ылайык, шектүү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү

Ишкер Media
Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Улуттук банк МВФ жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясы 12-18-октябрда Бангкок шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйындын алкагында Улуттук банк МВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти уюштурган иш-чараларга жана швейцариялык топтун отурумуна катышты. Анда дүйнөлүк

Ишкер Media