Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет
Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди.
Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет.
Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу секторунун өкүлдөрү өнөктөш уюштуруучулар болуп саналат.
30-октябрга чейин созула турган кампаниянын алкагында Бишкекте жана республиканын бардык аймактарында окуу жана интерактивдүү иш-чаралар өтөт.
Катышуучуларга учурдагы каражат топтоо инструменттери, акча каражаттарын коопсуз сактоо ыкмалары жана көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берилет.