РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

Россияда 26-октябрдан 7-ноябрга чейин "Монета жумалыгы" акциясы өтөт. Ал эми Кыргызстанда 26-октябрдан тартып Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө арналган финансылык сабаттуулук өнөктүгү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн аталган ишчаралары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.

Россияда майда тыйындарды комиссиясыз алмаштыруу жумалыгы башталды

Россиядагы “Монета жумалыгы” акциясынын алкагында жарандар чогултуп жүргөн майда тыйындарын банктарда жана акцияга катышкан дүкөндөрдө комиссиясыз кагаз акчага алмаштыра алышат. Ошондой эле айрым банктар тыйындардын суммасын кардардын эсебине же банктык аманатына которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, акцияга бир катар ири банктар, анын ичинде ПСБ, ВТБ, Газпромбанк, “Дом.РФ” жана Россельхозбанк катышууда. Россельхозбанк күзгү акциянын жыйынтыгында жалпы суммасы 19,6 млн рубль болгон кеминде 4,6 млн тыйын чогултууну көздөп жатат.

Мындай демилге жарандардын үйүндө топтолуп калган майда тыйындарды кайрадан жүгүртүүгө кайтарууга жана накталай акчаны пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда майда тыйынды кагаз акчага алмаштырып, ири суммага айландыруу аракети Улуттук банкы тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөт. Ошондой эле коммерциялык банктардын кассаларында алмаштырып алуу мүмкүндүгү каралган.

Кыргызстанда жыйым топтоо өнөктүгү старт алды

Кыргызстанда 26-октябрдан 30-октябрга чейин жыл сайын өтүүчү “Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү” аттуу маалыматтык-агартуучулук өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн маалымдашты.

Иш-чаранын негизги максаты — калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын жайылтуу жана жарандарды жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти туура башкарууга үндөө болуп саналат.

Өнөктүктүн алкагында Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында окутуучу жана интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Катышуучулар аманат топтоонун жолдору, акчаны коопсуз сактоо жана каражаттарды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Өнөктүк Кыргызстанда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага Улуттук банк менен катар мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер, Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу тармагынын өкүлдөрү катышышат.

Мындан тышкары окуңуз

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске

Ишкер Media
Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Тогуз-Торо районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадын куруу долбоору ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, Казарман ГЭСтер каскады

Ишкер Media