Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3 млрд 427,3 млн сомго чейин өстү.

2026-жылдын тогуз айында райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3 млрд 202,5 млн сомду түзгөн.

Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 4 млрд 270 млн сомго жетери күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 2026-жылы жалпы инвестициялык көлөмү 133 млн сомду түзгөн 3 долбоорду ишке ашыруу башталган. Алардын алкагында көмүр кенин өздөштүрүү жана эки асфальт-бетон заводун куруу каралып, 48 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогул районунда 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча жана 2 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Мындан тышкары, район аймагында 5 фельдшердик-акушердик пункт жана 5 спорт залын куруу каралган. Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча

Ишкер Media
РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

Россияда 26-октябрдан 7-ноябрга чейин "Монета жумалыгы" акциясы өтөт. Ал эми Кыргызстанда 26-октябрдан тартып Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө арналган финансылык сабаттуулук өнөктүгү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн аталган ишчаралары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат. Россияда майда тыйындарды комиссиясыз алмаштыруу жумалыгы башталды Россиядагы “Монета жумалыгы” акциясынын алкагында жарандар чогултуп

Ишкер Media
Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Кыргызстанда 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн тонна жүк (же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы) ташылган. КРнын Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (56 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат. 2025-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

Ишкер Media
Чаткалда беш жылда 129 чакырым жол асфальтталды

Чаткалда беш жылда 129 чакырым жол асфальтталды

Акыркы беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2026-жылы дагы 46 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер уланууда. Ошондой эле жалпы узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автомобиль жолун оңдоо

Ишкер Media