Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Кыргызстанда 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн тонна жүк (же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы) ташылган.

КРнын Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (56 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат.

2025-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет.

2025-жылы жеке жактарга таандык автобустар жана таксилер менен 381 млн же 58 пайыздан ашык жүргүнчүлөр ташылган. Ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан 279 млн жүргүнчүлөр (42 пайызга жакыны) ташылган.  Адистештирилген автобустар жана электроавтобустар менен ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 1,6 эсе өстү.

Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын, Чүй облусунун чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

2025-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,4 млндон ашык жеңил авто унаалар болгон. Алардын саны 2025-жылдын 1 январына салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын миңине алганда 191 жеңил автоунаа туура келген.

Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Чүй облусуна (калктын 1000ине 288 автоунаа), Бишкек шаарына (260 автоунаа) туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Тогуз-Торо районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадын куруу долбоору ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, Казарман ГЭСтер каскады

Ишкер Media
Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогул районунда 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча жана 2 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Мындан тышкары, район аймагында 5 фельдшердик-акушердик пункт жана 5 спорт залын куруу каралган. Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча

Ишкер Media
РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

Россияда 26-октябрдан 7-ноябрга чейин "Монета жумалыгы" акциясы өтөт. Ал эми Кыргызстанда 26-октябрдан тартып Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө арналган финансылык сабаттуулук өнөктүгү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн аталган ишчаралары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат. Россияда майда тыйындарды комиссиясыз алмаштыруу жумалыгы башталды Россиядагы “Монета жумалыгы” акциясынын алкагында жарандар

Ишкер Media