Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда
Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды.
Анда тоок жана уй этинен даярдалган, котлет формасындагы чийки эт азыктарын алып келүү мүмкүнчүлүгү каралды. Бул продукциялар ресторандарга жеткирилип, тамактануучу жайлардын өзүндө даярдалары белгиленди.
Ошондой эле тараптар азык-түлүктү ташуу жана сактоо шарттарын, транспорт каражаттарынын санитардык талаптарга шайкештигин жана ветеринардык документтерди тариздөө маселелерин талкуулашты.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы импорттолуучу азык-түлүктөрдүн коопсуздугу жана мыйзамда белгиленген талаптардын сакталышы көзөмөлдөнөрүн билдирди.