Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкек шаарында курулуш кранын коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланган "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде Юдахин көчөсү, 64 дарегинде курулуп жаткан 19 кабаттуу турак үй текшерилген. Учурда объектте 16-кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Текшерүү учурунда курулуш материалдарын ташууга арналган кран өз багыты боюнча пайдаланылбаганы жана жумушчулардын бири кранга чыкканы аныкталган. Бул курулуш ченемдерин жана коопсуздук талаптарын одоно бузуу катары бааланган.

Жыйынтыгында "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом, ал эми техникалык көзөмөл адисине 17 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле компанияга мыйзам бузууларды жоюу жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, объекттин прорабынан жазуу түрүндө түшүнүк кат алынып, эскертүү берилди. Кран машинистин күбөлүгүнөн ажыратуу маселесин кароо үчүн тиешелүү органга расмий кат жөнөтүлөрү маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media