Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды
Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту.
Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы жаңы демилгелер тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.