Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарын беришти.

Мындан тышкары, аймактардагы калкка жана ишкерлерге финансылык кызматтарды жеткиликтүү кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасы мындай жолугушууларды мындан ары туруктуу негизде өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media