“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен.
Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган текшерүү этаптары жоюлуп, июль айында жүк ташуучу унаалар үчүн алты кыймыл тилкеси пайдаланууга берилген.
Ошондой эле “Интеллектуалдык өткөрүү пункту” системасы ишке киргизилип, унаалардын кыймылын жөнгө салуу жана кезектерди азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, бардык зарыл документтери бар жүк ташуучу унаалар үчүн мамлекеттик контролдун бардык түрлөрүнөн өтүүгө орточо 10 мүнөттөй убакыт талап кылынууда.
Мекеме көрүлгөн чаралар жүк ташууларды тездетүүгө, чек арадагы кечигүүлөрдү кыскартууга жана өткөрүү пунктунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.