Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз.

"Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.

Кыргызстанда жылына канча тонна картошка өндүрүлөт?

Кыргыз Республикасында акыркы жылдары картошканын жылдык дүң жыйымы орточо 1,2-1,4 млн тоннаны түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылы 1,2868 млн тонна, 2024-жылы 1,1902 млн тонна, ал эми 2025-жылы 1,1702 млн тонна картошка өндүрүлгөн, 2026-жылы болжол менен 1249,7 млн тонна картошка өндүрүү күтүлүүдө.

Анын көбү кайсы облустарда өндүрүлөт?

Картошканын түшүмдүүлүгү боюнча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү аймактарда катталган:

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда – 210 ц/га,
  • Түп районунда – 205,1 ц/га,
  • Ысык-Көл районунда – 204,8 ц/га,
  • Чоң-Алай районунда –  208,3 ц/га,
  • Кочкор районунда – 173,7 ц/га
  • Ат-Башы районунда – 162,4 ц/га катталган.

Картошка кайсы өлкөлөрдөн импорттолот?

Картошканы импорт кылган өлкөлөр (тонна менен)

№

Импорт кылган өлкөлөр

2025-жыл

 

2026-жыл (январь–август)

Айырма

1

Германия

275,5

834,2

+558,7

2

Казакстан

253,4

415,5

−204,5

3

Кытай

22 232,2

21 723,8

−508,4

4

Монголия

41,9

 

– 41,9

5

Нидерланды

806,3

1 623,3

−817

6

Пакистан

5 110,3

305,4

−4 804,9

7

Россия

28,8

31,4

+2,6

               Жалпы:

28 748,4

24 933,6

−3814,83

Жергиликтүү картошканын баасына импорт кандай таасир этет?

Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, жергиликтүү дыйкандардын картошкасын сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана ички рыноктогу баалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында картошканын айрым түрлөрүн импорттоого убактылуу тыюу салынган.

Бул чектөөнүн алкагында импортко чектөө киргизилгенден кийин ички рынокто баалардын жогорулашы байкалууда.

  • Ак-Суу районунда дыйкандардан картошканы сатып алуу баасы 15–17 сомдон 22–23 сомго өскөн.
  • Ноокат районунда дүң баасы 22–25 сомдон 27–30 сомго, чекене баасы 27–33 сомдон 30–40 сомго чейин өскөн.
  • Чоң-Алай районунда картошканын баасы 2026-жылдын 14-октябрындагы 20 сомдон 19-октябрда 26–27 сомго чейин жогорулаган.
Бул көрсөткүчтөр импортко чектөө киргизилген мезгилде картошканын баасынын өсүү тенденциясы байкалганын көрсөтөт.

Эмне үчүн жергиликтүү картошка өлкөнүн керектөөлөрүн толук камсыздай албайт?

Кыргызстанда өндүрүлгөн картошка ички керектөөнү көлөмү боюнча камсыздоого жетиштүү. Бирок түшүмдүн бардыгы эле калктын керектөөсүнө түздөн-түз багытталбайт. Анын бир бөлүгү үрөн катары пайдаланылат, сактоо учурунда жоголот, малга тоют катары колдонулат жана экспортко чыгарылат.

Мындан тышкары, калктын өсүшү, айдоо аянттарынын кыскарышы, сугат суунун жетишсиздиги жана кургакчылык өндүрүштүн жалпы көлөмүнө таасир этет.

Министрликтин билдирүүсунө караганда, 2025-жылы КРда 64,6 миң гектар аянтка картошка эгилип, 1 170,2 миң тонна түшүм жыйналган. Калктын жылдык керектөөсү 786,4 миң тоннаны түзүп, өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыз болуу деңгээли 166,8% болгон.

2026-жылы картошка эгилген аянт 66,7 миң гектарды, дүң түшүмдүн болжолдуу көлөмү 1 249,7 миң тоннаны түзөт. Калктын жылдык керектөөсү 799,7 миң тонна деп эсептелип, картошка менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 181,96%ды түзөт.

Кочкор районунун тургуну Токтобек уулу Кеңешбек быйыл 1,5 гектар жерге "коломба" сортундагы картошка айдаганын андан 40 тоннага жакын түшүм алганын билдирди.

"Акыркы 3 жылдай картошка өстүрбөй калгам, быйыл кайра 1,5 гектар жерге картошка айдап, 40 тоннадай түшүм алдым. Азыркы учурда 30 тоннадай картошканы килограммын 20 сомдон саттым. Калганы турат. Импортко убактылуу тыю салынгандан кийин баасы улам көтөрүлүп жатат. Былтыр ушул убакта килограммы 30 сом болуп калган. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл бир аз арзан", - деди ал.

Дыйкандын билдирүүсүнө караганда, "коломба" сортундагы картошка эрте бышат жана аталган аймакка ылайыктуу.

Ал эми Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Алтынбек Нуркасымов 25 жылдан бери картошка өстүрүп келерин билдирди. Анын айтымында, буга чейин 2 гектар жерге "актрис" сортундагы картошка өстүрсө, быйыл шартка байланыштуу 70 сотыхка кыскарткан.

"Быйыл 70 сотых жерге картошка өстүрүп, 25 тонна картошка жыйнап алдым. Баасы жакшы, орто болуп жатат. Жалпы 20 тонна, айылдан килограммын 20 сомдон, кечээ Бишкекте 29 сомдон саттым. Быйыл аймакта түшүм мол болду", - деди дыйкан.

Мындан тышкары окуңуз

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media