Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ал эми 28-октябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен кампусунун 1-курсунун студенттери менен жолугушту.

Иш-чараларда катышуучуларга акчаны туура пайдалануу, каражат топтоо, жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, дропперлик, финансылык пирамидалар жана киберкылмыштуулуктан сактануу жолдору түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Ал эми I даражадагы "Манас" ордени менен төмөнкү жетекчилер сыйланды: * Айбек Жунушалиев — Бишкек шаарынын мэри; * Улан Ниязбеков — ички иштер

Ишкер Media