Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди
Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти.
Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби бекитилген.
- Улуттук депозитарийдин ишин жөнгө салган жобо анын негизги функцияларын аныктап, депозитардык системанын ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, инвесторлордун укуктарын коргоо жана ички, эл аралык рыноктордон капитал тартууга шарт түзүү каралган.
- Мындан тышкары, глобалдык депозитардык тилкаттарды жана эл аралык облигацияларды чыгарууда маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча так талаптар белгиленди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.