Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу тактаган жок. 2-ноябрга карата - Улуттук банктын Төлөм системаларынын операторлорунун лицензияларынын реестринде  58 төлөм уюму катталган. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.

Маалыматына ылайык, каржы рыногундагы мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштеринин алкагында тиешелүү чара көрүлүп, айып пул салуу чарасы колдонулган.
Төлөм уюмдары — банк болуп саналбаган, бирок төлөмдөрдү кабыл алуу, иштетүү жана төлөм кызматтарын көрсөтүү менен алектенген юридикалык жак болуп саналат. Мындай уюмдар жарандарга жана ишканаларга ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук банк төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин көзөмөлдөйт, мыйзам талаптары бузулган учурларда аларга карата чараларды колдонуп турат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда

Нарындагы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30 %га аткарылды

Министр Токтобаев Таласта "Беш-Таштын" абалы менен таанышты

Ошто 29 муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлат

Бир күндө Ысык-Көлдөн 20 кг таштанды чыгарылды