Улуттук банк эскертет
Алдамчылар коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанцияларды таратып, жарандардын каражатын кымырып алуу аракетин көрүшүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган бөлүмдүн башчысы Мирсудин Исаевдин айтымында, шылуундар коммуналдык кызматтар жана айып пулдар боюнча жасалма квитанцияларды таратып, төлөм жүргүзүүнү сунуштап жатышат. Эгерде төлөм жүргүзүү үчүн шектүү шилтемелерге өтүү жана бейтааныш QR-коддорду сканерлесе акча каражаттары жоголуп кетиши мүмкүн.
Андыктан, карыздар жана айып пулдар тууралуу маалыматтарды расмий сайттардан гана текшерүү сунушталууда. Алдамчылыктан сак болуңуздар!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу