Кыргызстандын суу маселесин чечүү үчүн $1.2 млрд керек – Акылбек Жапаров

Кыргызстандын суу маселесин чечүү үчүн $1.2 млрд керек – Акылбек Жапаров

Суу маселелерди чечүү үчүн Кыргызстанга $1 млрд 200 млн керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-майда Бишкек суу форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө таза жана сугат суунун коопсуздугу маселеси эң курч коюлууда.

«Министрлер кабинети Дүйнөлүк банк менен биргеликте биздин ирригациялык тармактарды модернизациялоо үчүн жакынкы аралыкта $800 млн, ал эми жалпы калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн $400 млн керектелерин эсептеп чыкты», - деди Жапаров.

Ал бул маселенин маанилүүлүгүнө токтолуп, глобалдык климаттын өзгөрүшүн жана бүгүнкү күндө суу адамдын эң негизги муктаждыгы экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Пекинде туристтер үчүн "саякат капчыгы" бар платформа ишке кирди

Пекинде туристтер үчүн "саякат капчыгы" бар платформа ишке кирди

Кытайдын борбору Пекин шаарында чет өлкөлүк туристтер үчүн GO BEIJING аттуу бирдиктүү санарип платформа расмий түрдө ишке киргенин Kazinform билдирди. Жаңы долбоор туристтердин сапарын жеңилдетүү жана күнүмдүк кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатын көздөйт. Платформа шаардык мекемелер жана Alipay төлөм сервиси менен биргеликте иштелип чыккан. Ошондой эле туризм, соода жана салык тармагындагы

Апрелде 100 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Апрелде 100 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан апрель айында республика боюнча 100 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди.  Министрликтин маалыматына ылайык, аталган корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.  Инженердик текшерүүлөрдүн алкагында ар

“Эч ким мага ишенген жок, а мен өз идеяма гана ишендим” - Айгүл гүлүн кыргыз брендине айланткан ишкер айымдын таржымалы

“Эч ким мага ишенген жок, а мен өз идеяма гана ишендим” - Айгүл гүлүн кыргыз брендине айланткан ишкер айымдын таржымалы

Баткен облусунун Лейлек районунан чыккан ишкер айым Каныкей Батырова бүгүнкү күндө Кыргызстанда люкс даражасындагы брендди түзүп, аны дүйнөлүк деңгээлге чыгарууну максат кылууда. Мурда Москва шаарында мигрант болуп жүрүп, кыргыз жараны катары мекенине салымын кошуу кыялы азыр ишке ашып, кыргыз брендин жаратууга үлгүрдү. Ишкер айым кыялындагы нерсеге жетиш үчүн убагында материалдык

Баткенде өрүк бышып, Казакстан жана Орусияга экспорттолууда

Баткенде өрүк бышып, Казакстан жана Орусияга экспорттолууда

Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу сорттору бышып, түшүм жыйноо башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, багбан Толубай Жалилов өткөн жылы 20 гектар жерди өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк бак тиккен. Быйыл алгачкы түшүм мол болуп, жемиштер жыйналууда. Т.Жалилов Түркиядан “Фуего”, “Приция” жана