Садыр Жапаров: Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүүгө өз салымын кошууга даяр

Садыр Жапаров: Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүүгө өз салымын кошууга даяр

Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр. Бул тууралу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстанда Эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөр бири-бири менен тандалган багыттарын текшеришип, дүйнө менен сүйлөшө ала турган ар кандай аймактык форматтар барган сайын суроо-талапка ээ болуп баратат. Ошондуктан, мындай интеллектуалдык, эксперттик Эл аралык Астана форуму сыяктуу аянтчалар, мен керек болсо стратегиялык аянтчалар дейт элем, бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу жана өзгөчө мааниге ээ.
Мен жогорку аудиториянын алдында чыгып сүйлөгөнүмө жана ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин иш-чаранын темасы боюнча өз оюмду бөлүшүүгө, эксперттик коомчулукка өз идеяларыбызды жана ой-пикирлерди айтууга абдан кубанычтамын. Биздин көз алдыбызда жаңы дүйнө тартибин калыптандыруу процесси эгемендүү мамлекеттерге жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка коркунуч жана коопсуздук чакырыктарынын күчөшү менен коштолууда. Сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргызстан гана эмес, бүткүл дүйнө туш болгон айрым маселелерге бурсам», - деди Садыр Жапаров.

Президент биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.