Таласта дагы бир УКМКнын жаңы имараты ачылды

Таласта дагы бир УКМКнын жаңы имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) бул облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 1991-1998 жылдары алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча бөлүмү ачылган, ал эми 2000-жылдын апрелинде Талас облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөн.

Президент буга чейин 1936-жылы салынган Талас башкармалыгынын эски имаратына жыл сайын аны оңдоп-түзөөгө кошумча каражаттар талап кылынып турганын эскерте кетти. Мындан тышкары, 1000 чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,