Транспорт министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды

Транспорт министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникаларды тапшырылды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди.

«Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл», - деди минкаб төрагасынын орун басары.

Ар бир чакырым жол – адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы жол тармагында аткарыла турган айрым иштерди кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Жаныбек Орозалиев Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Мурда бул кызматты Рахат Мусаева аткарып келген. Жаныбек Орозалиев Октябрь районунун акиминин милдетин аткарган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Казакстандан алынып келинген 23,8 тонна күрүч артка кайтарылды

Казакстандан алынып келинген 23,8 тонна күрүч артка кайтарылды

“Чалдыбар автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан импорттолуп кирген 23800 кг күрүч фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Мындан улам ташылып келе жаткан күрүч кайра артка кайтарылган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар

Чүйдө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынды

Чүйдө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынды

Жайыл району жана Суусамыр өрөөнүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган мекемелер аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды. МинКаб Төрагасы Президенттин ти