Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Бюрократиядан арылууга багытталган жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылууга багытталган мекемелер аралык комиссиянын онунчу отуруму өттү.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйында бюрократиядан арылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы каралып, жаңы демилгелер талкууланды.

МинКаб Төрагасы Президенттин тиешелүү жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча системалуу иш-аракеттер улантылып жатканын белгиледи.

“Бюрократиядан арылуу иштеринин алкагында жетишилген айрым натыйжаларды белгилеп кетким келет: уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскарды, алардын 199у уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар; “Электрондук аудит” боюнча – текшерүүлөрдүн мөөнөтү 2 жумадан 3 күнгө чейин кыскартылды; расмий статистикалык отчеттуулуктун формалары оптималдаштырылды; майыптыкты тастыктоо мөөнөттөрү узартылды, бул кайталап тастыктоонун санын кыскартат жана майыптуулугу бар адамдарга администрациялык жүктү азайтат; жеке медициналык уюмдардын онкология, паллиативдик жардам жана медициналык реабилитация чөйрөсүндөгү иштерди жүргүзүүсүнө тыюу салуу алып салынды; жеке клиникаларда эмдөөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү каралды, алдыңкы дүйнөлүк жөнгө салуучулардан текшерүүдөн өткөн дары-дармек каражаттарын каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү. Керексиз бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү аракеттер улантылышы керек. Мамлекеттик органдардын жетекчилери мекемелер аралык комиссиянын сунуштарын күтпөстөн, өз алдынча демилгелерди сунуштап, тиешелүү чараларды иштеп чыгып, ишке ашырышы керек", - деди Адылбек Касымалиев өз сөзүндө.

Отурумда белгиленгендей, мекемелер аралык комиссия жүздөгөн көйгөйлүү маселелерди карап чыгып, алардын ичинен бүгүнкү күндө 200гө жакын системалык тапшырма аткарылды. Болжол менен 150 ченемдик укуктук актылар демилгеленген, анын ичинен 76 мыйзам жана ченемдик-укуктук актылар белгиленген тартипте кабыл алынган, 25и кабыл алуунун жана/же бекитүүнүн акыркы стадиясында, ал эми калган долбоорлор бекитүү жана кайра карап чыгуу стадиясында.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media