Бишкекте кайрадан Башкы планды иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү

Бишкекте кайрадан Башкы планды иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү

Бишкектин Башкы планын иштеп чыгуучулардын авторлорун калыптандырууну жана конкреттүү мөөнөттөрүн жана ишке ашыруунун этаптарын көрсөтүү тапшырылды. Бул маселени мэриянын жыйынында мэр Эмилбек Абдыкадыров көтөрдү.

Ал ошондой эле «Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасына керектүү базаны түзүү зарылдыгына токтолду.

Такталгандай, борбор калаада Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу жана Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнча шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун орун басарлары жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилери менен жолугушуусу өттү.

Мэр стратегиялык документти иштеп чыгууда инженердик коммуникацияларды жайгаштыруу, экологиялык аспектилерди эске алуу, өндүрүштүк жана коомдук аймактардын жайгашуусун кайра карап чыгуу, жашылдандыруунун балансын сактоо менен системалуу мамиле жасоо керектигин белгиледи.

Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээгинде эс алуу жайларын түзүү үчүн борбор калаанын мэри алдын ала долбоорду макулдашып, узундугу 1 чакырымды түзгөн аянтты көрктөндүрүүнү баштоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. 18-июнда бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.  Жаратылыш ресурстары министрилигинин маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,