Прокуратуранын тергөө функциялары чектелди – депутаттар мыйзамды колдоп беришти

Чынгыз Керимбеков
Прокуратуранын тергөө функциялары чектелди – депутаттар мыйзамды колдоп беришти

2023-жылдын 29-июндагы Жогорку Кеңеш «КРнын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сот адилеттүүлүктүн башаты тергөөдөн башталарын айтып, президент ишеним берип жаткан сон,  тергөөнү талашып-тартышпай калыс алып барууга чакырды. Депутат Гуля Кожокулова прокуратура органы тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин мындан кийинки абалына кызыгып, анын санын тактады.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков прокуратурадан тергөөнүн алынышы менен башка органдардагы тергөөчүлөрдүн жумушу көбөйөрүн айтып, штаттык бирдиктерди көбөйтүү сунушун берди.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости