Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти.
Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору" жогорку атайын наамы ыйгарылган.
Маалым болгондой, анын ордуна Улан Кимсанов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Ал буга чейин 2021-жылдын июлунан бери төраганын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал бажы органдарындагы кызматын 1997-жылдын июнунан баштаган.
Кимсанов 1995-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун, 2001-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча, 2011-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.